Site icon Reporter.kg

40 кг сымапты сатмакчы болгон жаран кармалды

«Төө-Ашууда»  Г.Ж.А. аттуу жаран 40 кг сымап менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

57 жаштагы киши сымаптын ири партиясын Баткенден Бишкекке алып бара жаткан. 40 кгны 8 миң долларга сатмакчы болгон.

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version