Site icon Reporter.kg

43 жаштагы Алтынбек Мусаев алты айдан бери дайынсыз

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Мусаев Алтынбек Калмакович 2021-жылдын 13-май күнү үйүнөн араба (тачка) түртүп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

«Алтынбек Мусаев бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса үйүн кайра таап келе алат. Ошондуктан, күнүмдүк кара жумуш кылдыруу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген да божомолдор бар», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Алтынбек Мусаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 см, оң буту ичке болгондуктан басканда сылтып (аксап) басат, оң колу чыканагына чейин күйгөндүктөн күйүктөн калган тактары бар жана сол колуна салыштырмалуу ичке.

Дайынсыз болуп жаткан Алтынбек Мусаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюңуздар:

0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478.

Exit mobile version