Бишкекте 20 жаштагы кызды чак түштө зордуктап кетишти

Бишкекте 20 жаштагы кызды чак түштө зордуктап кетишти

Бишкекте 20 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. 

Милицияга 3-ноябрь күнү саат 13:30дар чамасында Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда зордуктоо фактысы орун алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдарына 20 жаштагы Т.Н. аттуу жабырлануучу ошол күнү саат 13:00дөр чамасында мас абалындагы белгисиз адам күч колдонуп зордуктагандыгын билдирип, арыз жазып берген.

Ыкчам-издөө иш аракеттеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы О.у.Б., 22 жаштагы Т.А., 21 жаштагы К.Н. аттуу адамдар кармалган.

Тинтүү учурунда алардын биринин жанынан тапанча да табылган.
Мындан кийин аталган үч адам, милиция бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 47128,47129,47130″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>