Site icon Reporter.kg

Орусия Кыргызстанга болгон каржылык жардамын этап-этабы менен калыбына келтирет

Орусия Кыргызстанга болгон каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен калыбына келтирет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козактын жолугушуусунда айтылган.

Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Москвада өткөн жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан.

Белгилей кетсек, 5-6-октябрдагы Кыргызстанда болгон окуялардан кийин Орусия “стабилдүүлүк орногонго чейин” деп  каржылоону убактылуу токтоткон.

Exit mobile version