Site icon Reporter.kg

«5-6 сааттап суракка алынууда». Депутат Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу айтты

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев өкмөттөн Орусияга барган кыргызстандык мигранттар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнү суранды. Бул тууралуу ал 11-декабрда парламенттин жыйынында айтты.

Акаев жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, мигранттардын маселесин чечүүгө үндөдү.

«Алты айдын ичинде биздин мигранттар Орусиядан 1,5 млрд доллар акча которду. Жылына дээрлик 3 млрд доллар акча келет. Бул аябай чоң сумма. Орусияда биздин 100 миңдеген мигранттар бар эмеспи. Алар аэропортко келгенде көптөгөн көйгөйлөргө туш болууда. Көпчүлүгү 5-6 сааттап суракка алынууда, кайра артка жөнөтүлгөндөр бар. Токтотуп, телефонун текшерип, «намаз окуйсуңбу, диний ишмерлердин кимисин тааныйсың?» деген сурактар болот экен. Ошондуктан Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшкөндө, маселени кабыргасынан коюп, чечкенге аракет кылсаңыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров 11-декабрда Москвага иш сапары менен кетет.

Exit mobile version