Кыргызгидромет билдиргендей, Баткен, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +18…+23
Талас облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +17…+22
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +12…+17
Нарын облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +11…+16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз