Кыргызстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирус илдетинен 11 бейтап көз жумганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
5-августка карта кайтыш болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталган –төрт адам, Баткен облусунда эки адам, Ош шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында бирден адам каза болгон.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 438 адамга жетти.