Site icon Reporter.kg

5-каналдын жетекчиси Рахат Сулайманов канча айлык алары айтылды

Парламент комитети «Пирамида» медиахолдинг менен «5-каналдын» келечегин аныктоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-февралдагы Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында  “Пирамида” медиахолдинги менен “5-канал” жабык акционердик коомуна 20 млн сомдон 40 млн сом бөлүп берүү тууралуу маселе каралды. Каржы министри Кыялбек Мукашев белгилегендей, эки каналда иштеген кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык акы жетпей калган.  Андыктан декабрь айына кошумча акча суралып жатат.

Бул эки каналга жылына 20 млн сомдон Өкмөттүк колдоо көрсөтүлүп келет жана алар социалдык пакетке киргизилген. Талкууда эл өкүлү Осмонбек Турдумамбетов эки каналды каржылоону токтотуу керек деген пикирин билдирип: “Элдин эң олуттуу мектеп, оорукана куруу сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей жатса, аларга 5-10 млн сом бөлүнбөй курулушу токтоп турса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?”,— деп маселе көтөрдү.

Эл өкүлдөрү телекомпаниялардын жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча сурады. Маалым болгондой мамлекеттик телевидениелерден атайын эсеби жоюлган жана жарнамадан түшкөн акча бюджетке чегерилет. Так айтканда, телекомпаниялар тапкан акчасын өздөрү  керегине жумшай албайт жана кирешесин көбөйтүүгө кызыктар болбой калышкан.  Учурда атайын эсепти массалык медианын өздөрүнө кайтарып берүү маселеси каралууда.

Маданият, маалымат жана турзим министринин орун басары Ильязбек Балташев “5-каналдын”  жалпы жонунан 82 млн 484 миң сом карызы бар экенин белгилеп, жетекчилеринин айлыктарын тууралуу да маалымат берди.

“5-каналдын” башкы директору  74 миң сом, башка жооптуу кызматкерлери да  61 миң, 49 миң сомдон айлык алып жатат.  Бешинчи канал, “Пирамида”  ОшТВ деген каналдар мамлекеттик мүлк фондуна карап, жетекчилерин да ошолор дайындай берет. Биз эч кандай сунуш бере албайбыз”,— деди Балташев.

Талкууда бир катар депутаттар кыйын учурда мамлекет өзүнө ашыкча жүк тартып жүрө бербеши керектигин белгилеп, талкууга түшкөн эки каналдын келечегин аныктоо сунушун беришти. Эл өкүлдөрү эки каналдын тең өнүгүү пландарын алып келүүсүн, муну менен Маданият министрлиги менен бирге комиссия түзүү тууралуу ойлорун айтышты.

Депутат Улан Примов  маселе 2011-жылдан бери чечилбей келе жатканынан улам сунуштарды токтомго бекитип кетүү керектигин белгилеп,  каналдарды сатуу тууралуу маселени козгоду.

Телевиденилердин тагдыры бир өңчөй болуп чечилгенче, суралып жаткан 40 млн сомду бөлүп берүү чечимине келишти.

Exit mobile version