5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип агасы кармалды

5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип агасы кармалды

Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда киши колду болуп өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны өлтүрүүгө шектелип бир тууган агасы кармалды.

Алдын ала маалымат боюнча, бир туугандар өз ара уруша кетип, жыйынтыгында инисин кокусунан бычактап алган.

Белгилей кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо айылындагы үйлөрдүн биринде мектеп окуучусунун жансыз денеси табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>