Бишкек шаарында 5 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кеткен.
Аны издөөгө 5 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштери натыйжа берген эмес.
Караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган издөө иштери бүгүн, 11-августта улантылат.