Келинге сүйүнчү берген Дастан Жумабековго иш козголду

Келинге сүйүнчү берген Дастан Жумабековго иш козголду

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековго карата Талас облусундагы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Дастан Жумабеков Талас районунда жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү пул бергени маалымдалган.

Алгач акча Жумабековдун өздүк каражаттарынан бөлүнгөн деп айтылып келген, бирок кийин социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, добуштарды сатып алуу жөнүндө сөз башталганда, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы каражат төраганын фондунан бөлүнгөн деген маалымат тараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>