Бишкектин тургуну Sky Baku ресторан-барындагы таң калыштуу «арифметикага” нааразы болгонун айтып, “Reporter. kg” нин
“Элдик репортер” рубрикасына кайрылган.
Анда шаар тургуну кечээ популярдуу Sky Baku эс алуу жайында эс алып, мекеменин кире беришинде жана коридордо “Унаа токтотуучу жай – 50 сом” деген жазуу илинип турганына күбө болгонун жазган.
Бирок чыга бериште күзөтчү 200 сом талап кылган. Эмне үчүн жазылган баасы башка, бирок 4 эсе көп төлөтөт? Бул эмне деген жорук?
— Бул унаа токтотуучу жайдагы эрежелерди, бааларды ким бекитет?
-Эмне үчүн чыга бериштеги баа айтылгандан төрт эсе кымбат?
— Мындай иштерди ким көзөмөлдөйт – ресторан-бардын администрациясыбы же мамлекеттик мекемелерби?