Калктын саны жыл башынан бери 38 миң адамге, же 0,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Аны менен 1-майга карата элдин саны 7 млн 200 миңди түздү.
Белгилей кетсек, 1974-жылы Кыргызстандын калкынын саны 3 миллион 199 миң 240 болгон. Акыркы 50 жылда 56 пайызга көбөйгөн. Калктын саны 1984-1987-жылдары жылына 2 пайыздан ашык көбөйүп турган. 2004-жылкы көрсөткүч эң төмөн болуп, 0,47 пайызды түзгөн.
Январь-апрель айларында калктын табигый өсүүсү 35,2 миң адамды түздү. Калктын саны көбүнчө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өскөн.