Site icon Reporter.kg

Темирлан Ормуков президенттикке талапкер болуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Темирлан Ормуков президенттик кызматка талапкер болуу үчүн тапшырган документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылганын кабарлады.

Ага ылайык, акын БШКга кечээ 7-декабрда арызын кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат, ал эми 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтөт.

Exit mobile version