520 миң доллар пара сураган чиновникке сот өкүмү чыкты

520 миң доллар пара сураган чиновникке сот өкүмү чыкты

50 миң доллар пара менен кармалган Транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан Болот Токтобаев алты жылга эркинен ажыратылса, Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Азимкан Жусубалиев 2018-жылдын 5-декабрында жол куруу боюнча өткөн тендерде Италиялык  компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара сурап, анын 50 миң долларын алып жаткан жеринен кармалган. Кармалганга чейин ал 120 миң долларын колуна алганы, калган бөлүгүн  кийинки апталарда алууну пландаганы айтылган.

фото Азаттык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>