Кыргызстандын мурунку президенти Сооронбай Жээнбеков Мекеге зыярат кылды.
Видеодо аны көптөгөн адамдар, күзөт кызматкерлери жана ММК курчап турганын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, буга чейин экс-президенттин басма сөз катчысы Сооронбай Жээнбеков Меккеге кичи ажылык милдетин өтөө үчүн учуп кеткенин айткан.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бул сапарын Сауд Арабиясынын Королунун чакыруусу менен жасап жатат.