Site icon Reporter.kg

5G антенналары вирус жайылтабы? –Тиешелүү мекеменин жообу

«5G антенналары вирус жайылтат» делген маалымат боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкө аймагына 5G технологиясы орнотулган эмес жана анын адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизери же вирус таратары тастыкталган эмес. Ал эми интернетте тарап жаткан ар кандай маалыматтар  чындыкка дал келбейт.

Адамдар жаңы технологиялар тууралуу жетиштүү маалыматы жоктугунан улам такталбаган маалыматтарга ишенип жатышы мүмкүн экендиги айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Exit mobile version