Site icon Reporter.kg

6 айда прокуратура органдарына 24 миң 290 арыз түштү

2024-жылдын 6 айында прокуратура органдарына 24 миң 290 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси билдирди.

2023-жылы жалпы 42 миң 864 арыз болгон.

Башкы прокуратура ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына кайрылуу укуктуу экенин белгилейт. Ал үчүн почта кызматы, электрондук почта аркылуу кат жөнөтүп, мыйзамды көзөмөлдөө органдарына жеке кабыл алууда дагы боло алышат.

“Бирок жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт”, — дейт Башкы прокуратура.

Прокуратуранын расмий сайтында онлайн-кабылдама ишке киргизилген. Жарандар онлайн-кабылдама аркылуу да кайрыла алышат.

Exit mobile version