Site icon Reporter.kg

6 айдан кийин Көк бөрү федерациясынын жетекчиси кайра алмашты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президентти болуп шайланды. Бул боюнча чечим бүгүнкү кезексиз жыйында кабыл алынды.

Ал эми Рамис Жунусалиев вице-президент болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Рамис Жунусалиев 2023-жылдын 17-октябрында Көк бөрү федерациясына жетекчи болуп тандалган.

Ага чейинки башчысы Канат Бегалиев 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалындагы тополоңдон кийин кызматын тапшырган.

Федерациянын маалыматында, эми аламан улак, жер улак Көк бөрүгө кошулуп,  жетекчилери шайланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version