Кыргызстандын аймагында 6-апрель саат 10:00гө карата дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов онлайн-брифингде билдирди.
Министрдин айтымында, жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 216 адамга жукту Алардын экөө каза болуп 9у оорудан айыккан.