Site icon Reporter.kg

6-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 69 адамга жукту

Кыргызстандын аймагында 6-апрель саат 10:00гө карата дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов онлайн-брифингде билдирди.

Министрдин айтымында, жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 216 адамга жукту Алардын  экөө каза болуп 9у оорудан айыккан.

Exit mobile version