Site icon Reporter.kg

6-декабрга карата аба ырайы: Кар, жамгыр жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.  Айрым жерлерде туман. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -3…-8

күндүз 0…-5

Талас облусу

түнкүсүн -7…-12

күндүз -1…+6

Баткен облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз -2…+3

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 0…-5

күндүз -2…+3

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -4…-9

күндүз -4…+1

Нарын облусу

түнкүсүн -9…-14

күндүз -1…-6

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээде туман. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4 чейин болот.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version