Site icon Reporter.kg

6 гектардан ашык жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтү 6,17 гектар жайыт жерди мыйзамсыз жеке менчикке берип жибергенин аныктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, аталган жайыт жер мамлекетке кайтарылды.

Министрлик Жер кодексинин 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык, жайыт жерлер жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эместигин билдирди.

Exit mobile version