Бишкек шаарында 7-9-март күндөрү азык-түлүк жана товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин темир жол вокзалынын жанында Түгөлбай ата көчөсүндө, Тыныстанов жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.
Министрлик жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо үчүн жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу максатында уюштурулганын билдирди.