Site icon Reporter.kg

7 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 176 миң куту тамеки алынды

7 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 176 миң куту тамеки алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Негизги эреже бузуулар чет өлкөдө өндүрүлгөн Oris, Milano, Like, Mondeo жана Morbella бренддерди акциздик маркалары жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоо же сатуу болгон.

Эскерте кетсек, КРнын мыйзамына ылайык акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга акциздик маркалардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

Мындан сырткары, сертификаты жок жана мыйзамсыз тамекилерди чегүү жарандардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн.

Exit mobile version