Site icon Reporter.kg

7-февралга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгалак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз +4…+9

Талас облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз +3…+8

Баткен облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +9…+14

Ош, Жалал-Абад облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +9…+14

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз +4…+9

Нарын облусу

түнкүсүн -10…-15

күндүз -1…-6

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…+8° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version