Site icon Reporter.kg

7-июнь: Коронавирус 33 адамдан табылды, 65 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 33 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 7-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 9;
Чүй облусу — 3;
Нарын облусу — 8;
Ош ш. – 9;
Ош облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 1.

Жалпысынан 7- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2007 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 65 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1425 адамга жетти.

Exit mobile version