Site icon Reporter.kg

700 кыргыз жараны Кореяда мыйзамсыз жүрөт

714 кыргыз жараны Кореяда мыйзамсыз жүрөт. Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Корея кыргыз жарандарына виза берүүнү 2023-жылдын март айынан бери кайра жандантты.

Элчилик эки туристтик компания менен кыргызстандыктарга виза даярдоо боюнча келишим түздү.

Аида Исмаилова 2022-жылдын февраль айында Кореяга элчи болуп дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version