Site icon Reporter.kg

«Реал» менен «Челси» жеңүүчүнү Лондондо аныктайт

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алкагында «Реал Мадрид» өз үйүндө «Челси» командасын кабыл алды.

1/2 финалдагы алгачкы оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Англиялык клубдан 14-мүнөттө Кристиан Пулишич гол киргизди, ал эми «королдук» клуб 29-мүнөттө Карим Бенземанын голу менен жооп берди.

Мындан улам, эки команда жеңүүчүнү 6-майга караган түнү Лондондо боло турган жооптук оюнда аныкташат.

Бүгүн, 29-мартка караган түнү Чемпиондор лигасынын дагы бир жарым финалдык беттеш орун алат. Париж шаарында жайгашкан «Парк де Пренс» стадионунда ПСЖ англиялык «Манчестер Ситини» кабыл алат.

Exit mobile version