Баткен районунда жүргүзүлгөн “Арсенал” аттуу алдын алуу операциясынын алкагында жарандар өз ыктыяры менен 78 ок атуучу курал, ондогон ок-дарылар жана 2 кол гранатасын укук коргоо органдарына тапшырышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) кабарлады.
Операция 2025-жылдын 9-июнунан 9-июлуна чейин жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери тарабынан кеңири түшүндүрүү иштери уюштурулган.
“Бул аракеттер жарандардын укуктук аң-сезиминин өсүшүнө өбөлгө түзүп, коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган. Иш жүзүндө ар бир тапшырылган курал мүмкүн болгон кылмыштын алдын алган”, — деп билдирди Баткен ОИИБден.