Кыргызстандын аймагында 8-май саат 10:00гө карата 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбеков брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 5
Чуй облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 3.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 906га жетти.