8 партия «Ата Журт Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылууда

8 партия «Ата Журт Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылууда

Сегиз саясий партия “Ата Журт Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылууда. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн жыйын учурунда билдиришти.

Партиянын өкүлдөрү «Ата Журт Кыргызстан» 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, ошондуктан алар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматтарды беришкендигин, анткени 26-февралга чейин партия «Элдик биримдик» деп аталып калгандыгын билдиришти.

«2021-жылдын 26-февралында «Ата Журт Кыргызстан» партиясы өзүнүн лидери Айбек Маткеримов менен кайрадан катталды. Партиянын аталышы, жетекчилиги, уюштуруучулары өзгөрдү. Бул кайра каттоо эмес, жаңы партия түзүү», — дешти алар.

Алар АШК көрсөтүлгөн партияга талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүп, мыйзам бузган деп эсептешет.

Чогулган партиянын өкүлдөрү БШКдан «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууну талап кылышты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө алдын ала жыйынтык боюнча «Ата журт Кыргызстан» партиясы босого чектен өтүп, 9,59% га ээ болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>