Site icon Reporter.kg

8 жаштагы немис кыз дээрлик өмүр бою үйдө камалып багылган

«Мария» деген аты менен гана белгилүү болгон кыз ушул жылдын сентябрь айында Германиянын батышындагы Аттендорн шаарында чоң ата, чоң энесинин үйүнөн табылган.

Немис басылмаларынын айтымында, үй-бүлөсү аны сүйлөшүүгө жана кыймылдоого чектөө киргизип, «кадимки жашоого», бала бакчага жана мектепке баруусуна жолтоо болгон.

Кыз жети жыл бою сырткы дүйнөдөн толук обочолонуп үйдө камалып, анын натыйжасында эркиндикке чыккандан кийин тепкичтен араң чыга алган (бул ал үчүн оор иш болгон).

Учурда кыз убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылган жана анын абалы «жакшы» экени айтылууда. Кызды текшерген дарыгерлер физикалык зомбулуктун же туура эмес тамактануунун белгилерин табышкан эмес.

Сиген шаарынын райондук борборунун прокуратурасы баланын апасын, ошондой эле анын чоң ата-чоң энесин мажбурлап эркинен ажыратуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын сот өкүлү билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, ажырашкандан кийин апасы «Марияны» күйөөсүнөн жашырууга аракет кылып, 2015-жылдан бери кызын Италияга алып кеткем деп жүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version