Site icon Reporter.kg

800 даана телефонду мыйзамсыз ташып келаткандар кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы өлкө аймагына мыйзамсыз жүк алып киргендерди колго түшүрдү.

Мекемеден билдиргендей, шектүүлөр Казакстандан «Ак-Тилек » көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу 800 даана «Redmi» үлгүсүндөгү уюлдук телефон алып кирген.

Тийиштүү документи жок телефондордун жалпы суммасы алдын ала эсеп боюнча 7 млн 990 миң сом болгон. Учурда бул факты боюнча тийиштүү кызматкерлер тергөө амалдарын баштаган.

Exit mobile version