Site icon Reporter.kg

800 млн доллар инвестиция. Жапаров БАЭнин экономика министри менен сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын  экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимге жана эки элдин тилектештигине негизделген өнөктөштүк мамилелерге  жогору баа беришти.

Акылбек Жапаров  Кыргызстан  Бириккен Араб Эмираттары менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана мындан ары чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө комиссиянын ишмердүүлүгү негизги орунду ээлейт”,  — деди А.Жапаров.

Өз кезегинде экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны эки өлкө ортосундагы мамлекеттик жана жеке сектордун деңгээлинде кызматташуунун темпин ыкчамдатууга күчтүү дем берет деген ишенимин билдирди.

Өкмөттөр аралык комиссиянын тар курамдагы жыйынында эмираттык компаниялар өзгөчө акыркы жылдары Кыргызстандын  экономикасына активдүү инвестиция салып жаткандыгы жогору бааланды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган 9 документ негизги фактор катары белгиленди.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында Кыргыз-Эмират ишкерлер кеңешинин 1-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди, бул эки тараптуу кызматташтыктын динамикасынын тийиштүү деңгээлин камсыздоонун маанилүү шарты болуп саналат.

Тараптар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, атап айтканда, учурда «AD Ports Group» компаниясы менен эки багыт боюнча — Кыргыз Республикасынын аэропортторун реконструкциялоо жана куруу, ошондой эле бажы жана чек ара постторун модернизациялоо боюнча тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоорлордун жалпы наркы 800 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version