Башында 8:0гө утулуп баштаган Эрназар Акматалиев Олимп оюндарына жолдомо утту

Башында 8:0гө утулуп баштаган Эрназар Акматалиев Олимп оюндарына жолдомо утту

Бүгүн, 11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Токиодо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына эркин күрөш боюнча лицензиялык турнири өтүүдө.

Турнирге Кыргызстандын 65 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан Эрназар Акматалиев жарым финалда өзбекстандык Ильяс Бекбулатовдон 0:8 эсебинде утулуп жатып, соңунда таза жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев Олимп оюндарына карьерасында биринчи жолу жолдомо утту.

Буга чейин, Алматыда өтүп жаткан лицензиялык турнирде күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбандар, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы жолдомо утушкан.

Ал эми балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов Токио Олимп оюндарына ага чейин жолдомо утушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>