Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде өткөрүлө турган 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын мөөнөтүн жарыялады.
- 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):
— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:
— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;
— Эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;
— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;
— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.
- 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):
— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:
— Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;
— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;
— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;
— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.
— Дене тарбия боюнча зачет:
Ал эми “Дене тарбия” сабагынан зачеттор сабактан тышкаркы убакта 15-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт.