Site icon Reporter.kg

9-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда,  9-декабрь күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуулайт.  Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -6…-11

күндүз -3…-8

Талас облусу

түнкүсүн -7…-12

күндүз -3…-8

Баткен облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз -4…+1

Ош жана Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -2…-7

күндүз -4…+1

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -3…-8

күндүз -2…+3

Нарын облусу

түнкүсүн -12…-17

күндүз  -5 … -10.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы -5…-7° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version