Site icon Reporter.kg

9 эркек тарабынан зордукталган 13 жашар кыздын үй-бүлөсү айылдан кетүүгө аргасыз

Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого кабылган 13 жашар  кыздын үй-бүлөсү айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

Ал өспүрүмдүн ата-энесине жардам берүүнү суранат.

«Аларда бир нече көйгөй жаралды. Алардын бири — башка үй издөө. Азыр жашаган жеринде мындан ары тура алышпайт», — Назгүл Турдубекова.

Жардам берүүнү каалагандар акчаны бул  номурга жөнөтө алышат: МБАНК 0705230880.

Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн

Exit mobile version