9-июль: Кыргызстанда коронавирустан 4 адам, пневмониядан 42 адам көз жумду

9-июль: Кыргызстанда коронавирустан 4 адам, пневмониядан 42 адам көз жумду

9-июлда Кыргызстанда коронавирустан 4 адам, ал эми пневмониядан 42 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Коронавирустан каза болгондор төмөнкү аймактарда:

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 62 жашта, эркек, 55 жашта);
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 68 жашта).

Муну менен коронавирустан каза болгондордун саны жалпы 116 кишиге жетти.

Ал эми соңку суткада пневмониядан  жалпы 42 адам каза тапкан. Алардын ичинен 21 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам көз жумган.

Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 310 адам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>