Site icon Reporter.kg

9-июнь: Коронавирус 23 адамдан табылды, 38 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 23 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 6;
Чүй облусу – 2;
Ош ш. – 4;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 4;
Нарын облусу – 1;

Жалпысынан 9- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2055 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1483 адамга жетти.

Exit mobile version