Site icon Reporter.kg

9-мартка карата күйүүчү майдын баасы канча болууда?

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 9-март, саат 10:40 карата АИ — 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 41, 9 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда — 40, 2 сомго, суюлтулган газ — 24, 65 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 41, 9 сомду, АИ-95 — 43, 5 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 48, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9  сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 39, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

— Bishkek Petroleum — 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);

— «Газпром нефть» — 25, 4 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Булак: Акчабар

Exit mobile version