Site icon Reporter.kg

9 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган Сокулуктун тургуну 8 жылга кесилди

Чүй облусунун Сокулук райондук соту Марат Кны 8 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты  Reporter.kg’ге  Жогорку Соттон ырасташты.

Ал жазасын жалпы тартиптеги колонияда өткөрөт.

Окуя 12-апрелде болгон. Шектүү секелек кызды алдап, үйүнө чакырган. Ага Кылмыш-жаза кодексининин 158-беренеси менен (ыплас аракеттер) айып тагылып, шектүү камакка алынган.

Кыздын үй-бүлөсүнө соттолгон жарандын туугандары коркутуп, кысым көрсөткөндүктөн, алар жашаган жерин алмаштырган.

«Ал мойнуна алып, сотто кайра айрым көрсөтмөлөрүнөн баш тартып баштады. Кызымды гаражка алып кирип кеткенин видео байкоо дагы далилдеди», — дейт жабырлануучунун апасы.

40 жаштагы жаран 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого айыпталууда

Exit mobile version