Site icon Reporter.kg

Бишкекте белгисиз жарандар ит, мышыктарды өрттөп кетишти

Бишкектеги токой плантациясында белгисиз жарандар ит, мышыктарды өрттөп кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Токой плантациясындагы өрт тууралуу билдирүү бизге 16-сентябрда саат 14:37де келген. Өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, 17:20да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Үй ээси Александр Уваровдун айтымында, 30 ит жана мышык өлтүрүлгөн. Жалпысынан 30 жаныбар болгон.

“14 -сентябрда таңга маал мени милиция бөлүмүнө алып кетишти, кайра келсем 10дон ашык ит союлганын көрдүм. Бардык жерде кан болуп, аларды сүйрөп, анан алып кетишиптир. Эртеси мен өз иштерим менен кетип, кайра келгенде иттеримдин ууланып өлүп калганын көрдүм, — дейт ал.

Ал милицияга бул боюнча арыз жазып, анын төрт буттуу досторун өлтүргөн кылмышкерлерди жоопко тартууну талап кылган. Милиционерлер арызды кабыл алып, териштирүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышкан.

Александырдын бул жайы жаныбарлардын укугун коргоочулар менен тыгыз байланышта болуп, оорулу ит-мышыктарды дарылатуу үчүн алып барып турган. Ал кароосуз жаныбарлардын ээлерин таап берип турган жана өлтүрүлгөн жаныбарлардын айрымдарынын ээлери табылган, бирок аларды ээлери алып кеткенге жетишкен эмес.

Exit mobile version