Өзбекстандын «Термез» полигонунда Орусия менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аскерий-тактикалык окуусу болуп өттү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Окуу-машыгуу 15-21-июль күндөрү өттү. Анда эки өлкөнүн аскерлери мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу, алар басып алган калктуу конуштарды кайтаруу боюнча машыгууларды өткөрүшкөн.
Окуунун жабылыш аземинде өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйлыктар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышкан.