Site icon Reporter.kg

Министр А.Бейшеналиев үч жетекчини кызматтан алды. Алар кимдер?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева өздөрү жазган арыздарына ылайык, кызматтарынан бошотулду.

Мындай чечим алар министрдин орун басарлары менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп, министрлер кабинетинен ведомство башчысын кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин кабыл алынды.

Буга чейин А.Бейшеналиев анын отставкасын талап кылган орун басарлары боюнча: “Иш сапардан келсем, биринчи кезекте үч орун басардын ээлеген кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени карайм”, — деп билдирген.

Exit mobile version