А.Шыкмаматов: “Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө”

А.Шыкмаматов: “Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө”

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көппүз. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!”-деди Шыкмаматов.

Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат.

Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!”

[su_image_carousel source=»media: 40264,40266,40267,40268,40269,40270,40271,40272,40273″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-сентябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>