Site icon Reporter.kg

Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты

№10 Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттарына  БШКнын аталган шайлоо округу боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирген.

Анын маалыматына караганда, талапкер Аалы Карашев бүгүн, 8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз талапкерлигин алгандыгы боюнча арызын берген.

Ушул тапта аталган шайлоо округунда 2 гана талапкер калды.

Башында аталган шайлоо округуна 4 талапкер катталган. Буга чейин да Бердалиев Бакыт Чырмашевич шайлоого катышуудан баш тарткан болчу.

Шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Exit mobile version