Бүгүн, 1-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда күндүз 14…19,
Талас аймагында күндүз 12…17,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда күндүз 9…14,
Нарын облусунда күндүз 9…14,
Бүгүн Бишкекте күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 16…18 градус болот.