Site icon Reporter.kg

Аба ырайы: 14-15-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. 15-декабрда күндүз  Чүй,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

— тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

— кышкы дөңгөлөктөргө өтүү;

— күрөкчө, чынжырча, аптечка, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Exit mobile version